Парламент институту: Популизм, оппозиция жана саясий атаандаштык
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын депутаттары ант берип ишке киришти. Парламент төрагасы болуп Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан шайланды. Жогорку Кеңештин жаңы курамынын алгачкы жыйынында президент Садыр Жапаров парламентарийлерди популизмден алыс болууга чакырды. Бул жолку парламент кандай иштейт? Парламент өз алдынчалык көргөзүүгө саясий эрки жетеби? “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” программасына Жогорку Кеңештин экс-депутаты Абдывахап Нурбаев, юрист Таттуубүбү Эргешбаева жана журналист Али Токтакунов катышат.