Биринчи сессияда беш депутаттык топ түзүлүп, парламенттин төрагалыгына Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан шайланды. Деген менен парламенттин бул чакырылышы канчалык эркин, көз карандысыз болот деген суроолор жаралды.
Президент Садыр Жапаров парламенттеги билдирүүсүндө Жогорку Кеңештин таржымалына токтолду. Буга чейинки партиялык система менен шайланып келген парламентти сынга алып, аны менен саясий коррупцияга жол ачылган деп билдирди. Жаңы шайланып келген депутаттарды мурдагы каталарды кайталабоого чакырды.
"Министрлер, премьер-министр баш болуп президентке эмес, Жогорку Кеңештеги фракцияларга баш ийишет эле. Ар бир депутат өкмөттүн, министрлердин үстүнөн өзүнчө эле президент болуп калышкан.
Себеби өкмөт менен министрлерди депутаттар кызматка коёт эле. Анан кантип мамлекеттин иши алдыга жылмак?! Ошентип, өлкөбүз 10 жыл бою фракциялардын кызыкчылыгындагы кызыл чеке талаш-тартыш менен бир орундан жылбай турду десек болот. Тилекке каршы, мына ушундай коррупциялык система 2020-жылга чейин гүлдөп келди. Партиялык системанын аброю түшүп, элдин жеке эле парламентке эмес, жалпы бийлик бутактарына ишеничи таптакыр өчүп калды. Партиялык тизмелер менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да депутат болуп жатышты. Шайлоо дегенде жамы журт иренжиген акыбалга кептелди. Эми, урматтуу депутаттар, муун алмашып, заман өзгөрүп жаткан өткөөл маалда жаңыча көз караш, жаңыча мамиле менен Кыргызстаныбызды өнүктүрөлү. Силерден суранарым, жогорудагыдай жагымсыз, мыйзамсыз, ыплас иштерди сиздер кайталабасаңыздар. Ар бириңиздерден мамлекетчил болушуңуздарды суранар элем",-деди Жапаров.
Садыр Жапаров айрым депутаттар өкмөт менен соодалашууга барып, өз аймактарынын жол, мектеп өңдүү социалдык маселесин чечүүгө аракет кылып келгенин айтып, бул көрүнүштү токтотуу керектигин белгиледи. Депутаттарга кайрылып, кадр маселесине кийлигишпөөгө, комитеттердин, топтордун жыйындарына министрлердин келишин талап кылбоого чакырды.
Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи жыйынында депутаттык беш топ түзүлдү.
"Ата Журт” тобу 18 депутаттан турат жана төрагасы болуп Нурланбек Азыгалиев шайланды.
19 депутаттан куралган “Мекенчил” тобуна Кундузбек Сулайманов төрага болду.
Акылбек Түмөнбаев жетектеген "Элдик" тобуна 17 депутат кирди.
"Адилет Кыргызстан" тобуна 14 депутат кирди жана Нурбек Сыдыгалиев төрага болду.
Жанарбек Акаев "Ала Тоо" депутаттык тобун жетектеди жана ал 14 мүчөдөн куралды.
Ал эми үч депутат - Элвира Сурабалдиева, Болот Ибрагимов жана Эрулан Көкүлөв эч бир топко кошулган жок.
Депутаттык топтордун баары бир добуштан төрагалыкка Нурланбек Тургунбек уулунун талапкерлигин көрсөттү жана ага үч депутат каршы добуш берип, калган 84ү колдоду. Шайлангандан кийин сүйлөгөн сөзүндө ал парламент Садыр Жапаровдун саясатын колдоону улантарын айтты:
"Парламенттин мындан аркы кадыр-баркын өстүрүүгө жана коомдогу, өлкөдөгү ролун татыктуу аткарууга бардык күч-аракетимди жумшайм. Ошону менен катар урматтуу президентибиз Садыр Нуркожо уулу баштаган саясатты парламент тарабынан колдоо иретинде бардык мыйзамдык ченемдин алкагында иш алып барууга баарыбыз аракет кылышыбыз керек. Биздин парламенттин бардык ишмердиги ачык жана демократиялык мүнөздө болот. Сөз эркиндиги бир гана жоопкерчилик менен бекемделиши керек. Ар бир айтылган сөз, ар бир айтылган сын-пикирдин артында жоопкерчилиги бар экенин унутпашыбыз керек. Ошол эле учурда, урматтуу президентибиз дагы айтты, өлкөбүздөгү бардык бийлик бутактарында кандай кемчиликтер болсо, конструктивдүү сын айтканга дайыма өбөлгө түзүп беришибиз керек жана ушундай бийик трибунадан элдин үнү айтылып турушу керек".
Жогорку Кеңеште бүгүнкү отурумда сегиз комитет түзүлдү. Спикердин үч орун басары шайланды.
Биринчи орун басарлыкка №1 шайлоо округунан депутат Чыңгыз Ажибаевдин, андан кийинки орун басарлыкка №30 шайлоо округунан Жылдыз Таалайбек кызынын жана №18 округунан Карим Ханжезанын талапкерлиги сунушталып, колдоо тапты.
"Ала-Тоо" тобунун лидери Жанарбек Акаев "Азаттыкка" комментарий берип, депутаттык топтор кандай жол менен түзүлгөнүн айтып берди. Парламенттин бул чакырылышында демократия жана сөз эркиндигине байланыштуу маселе көтөрүп турган эл өкүлдөрү аз болсо дагы болорун айтты:
"Мурдагы депутаттар бири-бирин тааныйт, программасы, идеясы кандай экенин билет. Алар жаңы келген депутаттар менен таанышты, аларга топторго кирүү тууралуу тандоо коюлду. Кайсы топ менен иштешесиң, багытың кандай болот деген суроолор болду. Мисалы, мен айттым, инновация, жасалма интеллект жана башка жаңы технологияларды мыйзамдаштыруу жагынан, анын пайда-зыянын талдаган жактан бир аз артта калгандай болуп жатат, биз жаңычыл көз карашта иштейбиз, каалагандар бизге келип кошулгула дедим. Башкалары дагы ар кандай максаттарды айтышты. Парламентте 90 депутаттын ичинен курч темаларды көтөргөн, саясий темаларды, сөз эркиндигин, демократияны көтөргөн депутаттар сөзсүз болот. Эми аз болушу мүмкүн, бирок болот. Көбүнчө депутаттар жергиликтүү социалдык маселелерге басым жасашы мүмкүн. Албетте, коомдогу курч көйгөйлөрдү көтөргөнгө болушунча аракет кылган депутаттар болот",-деди Акаев.
Жогорку Кеңештин бул чакырылышында буга чейинки парламенттин курамында болгон 50гө жакын депутат кайра шайланып келди.
Парламенттин жетинчи чакырылышынын сапатына байланыштуу бир катар сын-доомат айтылган белгилүү. Өзүн өзү таратуу демилгеси көтөрүлгөндөн кийин дагы сын-пикир көбөйгөн.
Кайра шайланып келген депутаттардын бири Дастан Бекешев парламенттин бул курамында оппозиция болбой турганын белгиледи:
"Тилекке каршы, оппозиция таптакыр эле жок болот. Негизи оппозиция болушу керек. Парламентте дайыма ар кандай ой-пикирлер айтылышы зарыл. Конструктивдүү сын-пикирлерди мен дагы айтып турам. Башкалар дагы, мүмкүн, айтып турушат. Себеби шайлоочулар бир топ эле талаптарды коюшкан".
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өткөн. Шайлоо тууралуу жаңырган мыйзамга ылайык, жаңы эреже-талаптар киргизилген. Кыргызстан шарттуу түрдө 30 округга бөлүнүп, ар бир округдан үчтөн, жалпы 90 депутат шайланып келмек. Бирок бүгүн 87 гана депутат ишке киришти.
Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн купуялыгы бузулган деген жүйө менен Жалал-Абаддагы №13 шайлоо округунун жыйынтыгын жокко чыгарган жана азырынча ал жердеги кайра шайлоонун датасы белгилүү боло элек.