Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:27

Президент Жапаров депутаттарды өкмөт менен соодалашуyну токтотууга чакырды


Президент Садыр Жапаров 17-декабрда Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын алгачкы жыйынында сүйлөп, депутаттарды аткаруу бийлиги менен соодалашууну токтотууга чакырды. Ал айрым депутаттар Министрлер кабинетинин отчетун кабыл алууда өзүнүн аймагындагы социалдык маселелерди чечтирип алууга аракет кылып келгенин белгиледи.

“Менин айылымда бир чакырым жолду асфальттап бер, болбосо отчетуңа каршы добуш берем” деп коркутуп-үркүтүүлөр болгонун өз көзүм менен көрүп жүрөм. Ошентип, натыйжада бир чакырым жол асфальтталып кеткен учурлар болгон. Мен мындай иштерге тыюу салдым. Эми карап көрсөңүздөр, бир чакырым жол асфальтташ үчүн ал жерге канчалаган техника тартылып, канчалаган кум-шагыл, асфальт алынып барылат. Ошентип, бир чакырым жолдун наркы 2-3 эсе кымбат болуп кетет”, - деди Жапаров.

Мектеп, бала бакча, спорт залдарды курууда дагы ушундай көрүнүштөр бар экенин белгилеп, президент айрым жерлерде “муктаждык болбосо деле депутаттардын эмгеги менен кошумча имараттар салынып калганын” кошумчалады.

Президент мындан тышкары депутаттарды комитет, фракция жыйындарына министрлердин өзү катышуусун талап кылбоону өтүндү. Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышында айрым маселе каралып жатканда министрдин өзү катышуусун талап кылып, күн тартибинен алып койгон учулар кездешкен.

17-декабрда Жогорку Кеңешке шайланып келген 87 депутатка мандаттары ыйгарылып, ант беришти.

Ал эми №13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылган жана эми кайра шайлоо өтүшү керек.

Бул жолу шайлоочулардын тизмесине 4 млн 294 миң 243 жаран киргизилип, 1 млн 584 миң 446 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,90% түздү. Өлкө аймагында 2492 шайлоо участогу ачылып, аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо тилкеси иштеди. Ал эми чет өлкөлөрдө 100 добушкана ачылган. 190 миң 30 адам аралыктан добуш берди.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG