Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы жыйынында парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттарды жалпы жыйындарга жана комитеттин отурумдарына активдүү катышууга чакырды. Сессияга катышпаган депутаттардын айлык маяналасы кемитилерин, тартип катуу болорун эскертти.
“Алдыда көптөгөн мыйзам долбоорлору, 2026-жылдын республикалык бюджети күтүп турат. Ошол үчүн эскертүү, кийинки аптага өз алдынча иш-чара койбоңуздар. Пленардык жыйынга да, комитеттерге да активдүү катышыңыздар. Тартип катуу болот. Себепсиз келбеген депутаттарды маянасынан кыркабыз, коомчулукка жарыялайбыз. Эл сиздерге ишеним берип, округдун маселесин көтөрөт деди. Катышпасаңыздар биз маалымат каражаттарына берип турабыз. Шайлоочулар кимдин депутаты кайда себепсиз жүргөнүн билсин”, - деди Шакиев.
Ал мындан ары негизги маселелер тармактык комитеттерде караларын, баары ийне-жибине чейин такталган соң гана жалпы жыйынга чыгарын эскертти.
Жогорку Кеңештин 8-чакырылышы 17-декабрда ант берип, ишин баштады. Ошол эле күнү парламент төрагалыгына кайрадан Нурланбек Тургунбек уулун, анын биринчи орун басары кылып Чыңгыз Ажибаевди, орун басарлыкка Карим Ханжеза менен Жылдыз Таалайбек кызын шайлаган. Мындан тышкары сегиз комитеттин төрагаларын шайлоо өттү.
Парламентте беш депутаттык топ түзүлүп, ага 84 депутат мүчө болду. Депутаттар Элвира Сурабалдиева, Эрулан Көкүлов жана Болот Ибрагимов эч кайсы депутаттык топко кирген жок.
Ишке киришкен парламентте азырынча 87 депутат бар. Жыйынтыгы жокко чыгарылган №13 округ боюнча добуш берүү кайрадан өткөрүлмөй болгон.
Шерине