Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Өзбекстан менен Евробиримдик виза режимин жеңилдетүүнү талкуулап жатат


Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Еврокомиссиянын ички иштер жана миграция боюнча Башкы дирекциясы менен виза маселелери боюнча консультацияларды өткөрдү. Бул тууралуу "Дунё" маалымат агенттиги жазды.

Жолугушууда Өзбекстандын жарандары үчүн эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү, окуу, жүк ташуучу унаалардын айдоочулары, ошондой эле туристтик топтор үчүн визалык процедураларды жеңилдетүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Өзбек жарандары үчүн виза режимин жөнөкөйлөтүү маселесин Еврокомиссиянын жыйындарынын күн тартибине киргизүү Ташкент бир нече шартты аткарыш керек. Бул тууралуу Европа тарап жолугушууда белгилеген.

Былтыр күздө Өзбекстан менен Евробиримдик Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшкан. Анда тараптар реадмиссия жана виза режимин жеңилдетүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого мүмкүнчүлүк түзүлгөнү белгиленген.

ЕБдин Өзбекстандагы өкүлү Тойво Клаардын айтымында, виза режимин жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн илгерилеши өзбек жарандарынын Евробиримдик өлкөлөрүндө виза эрежелерин сактоосуна көз каранды.

"Эгер жарандар визалык эрежелерди жана шаркеттин ичине кирип-чыгуу мөөнөттөрүн так сактаса, бул кийинки кадамдар үчүн жакшы өбөлгө болот", — деген ал Gazeta.uz басылмасына курган маегинде.

Өзбекстан Евробиримдик менен виза режимин жеңилдетүү боюнча макулдашууга жетишүүгө аракет кылып жаткан Борбор Азиядагы жалгыз өлкө эмес.

Казакстан менен Еврошаркет Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө келишимге 2020-жылы кол коюшкан. Бирок 2025-жылдын март айында гана Еврокеңеш Еврокомиссияга Астана менен виза маселесин жөнөкөйлөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мандат берди.

Октябрь айында казакстандык маалымат каражаттары Тышкы иштер министрлигине таянып, бул маселе боюнча Евробиримдиктин ичинде ички талкуулар аяктап баратканын жазышкан. Анын жыйынтыгында расмий сүйлөшүүлөрдүн башталышы жарыяланышы мүмкүн.

Евробиримдик виза режимин жеңилдетүү үчүн койгон маанилүү талаптардын бири — реадмиссия жөнүндө келишим. Ал башка өлкөнүн миграциялык эрежелерин бузган жарандарды өз өлкөсүнө кайра кабыл алуу милдеттенмесин камтыйт.

Казакстан мурда эле мыйзамсыз миграциянын алдын алууга жана Евробиримдикте мыйзамсыз жүргөн өз жарандары боюнча реадмиссия маселелеринде кызматташууга даяр экенин билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG